Казакстанда интернет колдонуучулардын саны өсүүдө. Finprom.kz сайтынын маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө 100 адамдын 91и жогорку ылдамдыктагы кең тилкелүү интернетке ээ. Мындан бир жыл мурун мындай деңгээлдеги интернет 100 адамдын 84үнө жеткиликтүү болгон.
Дүйнөлүк желени колдонуучулардын санынын өсүшү менен бирге мобилдик интернеттин орточо ылдамдыгы да өсүүдө. Speedtest Global Index серепчилеринин айтымында, орточо ылдамдык жыл ичинде 63,4%га өсүп, ушул жылдын башында секундасына 19,64 мегабайтка жеткен. Белгилей кетсек, дүйнөдө мобилдик интернеттин орточо ылдамдыгы 40,6% гана өскөн.
Мындай шарт уюлдук байланыш тармагы рекорддук инвестициялар менен байланыштуу. Квалификациялуу адистердин айтымында, бул келечекте мобилдик интернеттин кымбатташына алып келиши мүмкүн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков