Көк бөрү менен эр-эңиштен өлкө биринчилиги өтүп жатат

Көк бөрү менен эр-эңиштен өлкө биринчилиги өтүп жатат

Таразда чоңдор арасында көк бөрү жана эр эңиш боюнча XXI Казакстандын чемпионаты өтүүдө. Мелдеште өлкөнүн 17 облусунан 300дөн ашык спортчу күч сынашууда. Ат чабыштын негизги максаты – улуттук спортту кеңири жайылтуу. Чын куран айынын 30на чейин күн сайын 7 көк бөрү мелдеши өтөт. Жеңүүчүлөр эки лигада биринчи жана жогорку лига болуп аныкталат. Мыкты ойногондор аяк оона айында өтүүчү Эл аралык көчмөндөр сынагында өлкөнүн намысын коргошот.

Қурманбек Турганбек, «Олуяата» командасынын чабуулчусу:

- Алгачкы оюнда алдыңкы үчтүктө жүргөн «Атырау» командасы менен ойноп, 7:2 эсебинде жеңдик. Алдыда Түркестан жана Кызылорда облусу бар. Аларга даярданып жатабыз. Бул алдыдагы мелдештер үчүн абдан маанилүү тажрыйба алмашуу.

Нүркен Байбөриев, Казакстандын Улуттук ат спорту түрлөрүнүн мамлекеттик машыктыруучусу:

- Чемпионат аяктаганда Казакстан Республикасынын курама командасына тандоо болот. Улуттук курама команда тандалып, түзүлгөндөн кийин быйыл аяк оона айында Шымкентте өтө турган дүйнөлүк чемпионатка катышат. Азыркы учурда мелдешке Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан жана Түркия катышаарын тастыкташты. Эл аралык турнир аяк оона айынын аягына белгиленген. Көчмөндөр оюндарын Түркияда да өткөрүү мерчемделип, ага Европа жана Азиянын бардык өлкөлөрү катышат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков