Дүйнөлүк мунай рыногу калыбына келип, «кара алтындын» наркы өсүүдө. Жалган куран айынан бери биринчи жолу «Brent» маркасы баррелине 71 доллардан ашты. Серепчилердин айтымында, рынок «ОПЕК+» министрлеринин мониторинг комитетинин чечимине карата өзгөргөн. Жолугушуунун катышуучулары теке айында өндүрүштү көбөйтүү менен бирге, келишимдин мурунку параметрлерин сактоо чечимине келишкен. Жыл аягына чейин «кара алтынга» болгон дүйнөлүк суроо-талап пандемияга чейинки абалга кайтып келери күтүүдө. Болжолдоолорго караганда, бул АКШ менен Кытайдын экономикасынын өсүшү, Европада жайкы эс алуу сезонунун башталышы, ошондой эле, көптөгөн өлкөлөрдө мунайдын корунун азайышынын аркасында болушу мүмкүн. Бирок казакстандык талдоочулар баррелине 70 доллар кымбат жана көпкө чейин кармалбайт деп эсептешет. Ошол эле маалда, баанын кыска мөөнөттүү өсүшү Казакстандын экономикасына оң таасирин тийгизүүдө. Өлкөдөгү өндүрүштүн суткалык көлөмүндө баррель баасынын бир долларга көтөрүлүшү болжол менен бир жарым миллион долларды түзүшү мүмкүн.
Олжас Байдилдинов, мунай-газ тармагынын серепчиси:
- Пандемияга чейинки көрсөткүчтөргө салыштырмалуу, албетте, биз калыпка келе элекпиз, бирок Энергетика министрлиги жана республика өкмөтүнүн жардамы менен биз «ОПЕК+» аймагында жакшы позицияны сактап калдык. Орусия менен Казакстанга өндүрүштү көбөйтүүгө уруксат берилди. Баррелине ар бир доллар биздин экономикага жана жумуш орундары үчүн кошумча плюс болот. Каатчылыкка чейинки көрсөткүчтөргө кайтып келсек, балким кийинки жылы толук калыбына келебиз деп ойлойм. Азырынча бул келишим бардык мүчөлөрдү милдеттендиргендиктен, биз өндүрүштү өзүбүз каалаган деңгээлге көтөрө албайбыз. Ошондой эле, баа фактору да бар. Жылдын акырына чейин бир баррелине 60-70 доллар чамасында жетиштүү бааны көргөндө, албетте, мунайчылар инвестиция сала башташат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков