2025-жылга чейин өлкө жалпы аянты 1 миллион гектар жерге сөксөөл өстүрүүнү мерчемдеп жатат. Ал эми коңшу мамлекет экологиялык зонада чарба түрлөрүн өнүктүрөт. Маселен, Өзбекстандын дыйкандары менен экологдору сөксөөл өрөөнүндө аары өстүрүүнү колго алышмакчы. Белгилей кетсек, буга чейин 1 миллион 700 миң гектар жерге эгилген сөксөөл экологияга оң таасирин тийгизген. Жалпысынан Арал аймагында 4 миллион гектардан ашык жер жашылдандырууга тийиш. Бул үчүн Өзбекстандын бюджетинен жыл сайын 25 миллиард сум бөлүнөт.
Акмарал Мурадов, «УЗСУВТАМИНОТ» АК маалымат бөлүмүнүн башчысы:
- 2022-жылы 107 миң гектар жерге сөксөөл жана башка да жашылдандыруу иштери жүргүзүлдү. Быйыл дагы 100 миң гектар жерге себүү иштери башталат. Айдоо аянттары адистердин жана окумуштуулардын тынымсыз көзөмөлүндө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков