Казакстанда ИДПнын өсүшү 2,8%ды түздү

Казакстанда ИДПнын өсүшү 2,8%ды түздү

2022-жылдын тогуз айында Казакстандын ИДПсынын өсүшү болжол менен 3% болду.Улуттук банктын жетекчиси Галымжан Пирматовдун айтымында, көрсөткүч болжолдорго толугу менен дал келет. Ишкердик активдүүлүктүн басаңдашы тоо-кен тармагынын динамикасынын төмөндөшү менен шартталган. Бул өлкөнүн негизги кендеринде оңдоо иштерин жүргүзүүгө жана Кашаган ГЭСиндеги аварияга байланыштуу. Ошол эле учурда өндүрүш, соода, маалымат, байланыш, транспорт жана айыл чарбасы жакшы салым кошууда. Экономиканын андан аркы өсүшү ички суроо-талаптын жана реалдуу экспорттун оң динамикасы, ошондой эле мунай өндүрүүнүн темптеринин калыбына келиши менен камсыз кылынат.

Казакстан Улуттук банкы базалык ставканы 16%га көтөрдү

Белгилей кетсек, өлкөнүн башкы каржылык жөнгө салуучусунун алдында базалык чен 16%га чейин көтөрүлгөн. Мындай чара инфляцияны ооздуктоо үчүн зарыл дешет адистер. Акыркысы быйыл күткөндөн ашып түштү. Мындан тышкары, финансылык жөнгө салуучу зарыл болгон учурда акча-насыя саясатын андан ары катаалдаштыруу укугун өзүнө калтырат. Ал эми базалык ставканы көтөрүү мүмкүнчүлүгү дагы эле бар. Эске салсак, буга чейин 14,5% болчу.

Которгон: Илгиз Жамалбеков