Казакстан-Азербайжан талдоочулук кеңешинин жыйыны

Казакстан-Азербайжан талдоочулук кеңешинин жыйыны

Казакстан менен Азербайжандын ортосундагы соода жүгүртүү былтыр 330 миллион доллардан ашты. Бирок мүмкүнчүлүктөр мындан алда канча жогору. Эки тараптуу талдоочулук кеңештин биринчи отурумунун катышуучулары өз ойлорун ортого салышты. Анын курамына депутаттар, окумуштуулар жана талдоочулар киришет. Кеңештин жыйынында маданий-гуманитардык, туризм жана жарандык авиация чөйрөлөрүндөгү мамилелерди өнүктүрүү маселелери талкууланды. Расмий маалыматка караганда, бүгүнкү күндө Казакстанда 500дөн ашык азербайжандык компания иштеп жатат. Ал эми Азербайжанда 150гө жакын казакстандык компания бар.

Еркин Тукымов, Казакстан стратегиялык изилдөөлөр институтунун мүдүрү:

- Быйыл өз ара дипломатиялык мамилелерге 30 жыл толду. Эгемендүүлүк жылдарында Нур-Султан менен Баку стратегиялык биримдиктин жаңы деңгээлине көтөрүлдү. Азербайжан Казакстан үчүн абдан маанилүү жана стратегиялык өнөктөш. Азербайжан аркылуу Түркияга, Европа биримдигине жана Жакынкы Чыгышка түз чыга алабыз.

Фархад Мамедов, Азербайжандын эл аралык мамилелерди талдоо борборунун башкарма төрагасы:

- Жалпы коридор жөнүндө сөз болуп жаткан энергетика, транспорт сыяктуу тармактарда кызматташууну күчөтүү зарыл. Эки өлкөнүн ортосундагы сооданы көбөйтүү үчүн чоң дарамет бар. Албетте, эл аралык жана аймактык коопсуздук дагы күн тартибинде турат. Эл аралык уюмдардын алкагында Казакстан менен Азербайжандын кызматташтыгын бекемдөө да маанилүү. Алардын ичинен Түрк мамлекеттери уюмунун негизинде кызматташтык терең экенин баса белгилегим келет.

Белгилей кетсек, Казакстандын президентинин Азербайжан башчысынын чакыруусу менен Баку шаарына расмий сапары баш оона айынын 24нө белгиленген. Эки өлкөнүн лидерлери чакан жана кеңейтилген жолугушууларды өткөрүп, эки тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү маселелерин талкуулашат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков