Казакстанда хакердик чабуулдардан коргонуунун технологиялары өнүгүүдө

Казакстанда хакердик чабуулдардан коргонуунун технологиялары өнүгүүдө

Казакстанда хакердик коркунучтардан коргонуунун жаңы технологиялары иштелип чыгууда. Киберчабуулдарды талдоо жана иликтөө борбору TSARKA маалыматтык коопсуздук жаатындагы өзүнүн иштеп чыгууларын тартуулады. Алардын арасында – тоокен жана уникалдуу коопсуз смартфон бар. Андагы колдонуучунун бардык маалыматтары атайын санариптелген, ошондуктан эч ким аларды колдоно албайт. Эки түзүлүш тең казакстандыктарды күнүмдүк жашоодогу санариптик коркунучтардан коргоо үчүн арналган. Ошондой эле сайттарга активдүү мониторинг жүргүзүп, киберкоркунучтарды реалдуу убакытта аныктаган жаңы муундагы казакстандык WebTotem платформасына өзгөчө көңүл бурулду. Серепчилердин белгилешинче, чабуулдардын санынын өсүшү менен компаниялар жана мамлекеттик органдар санариптик коргоого барган сайын көбүрөөк инвестиция жумшап жатышат. Ал эми Казакстан бүгүнкү күндө киберкоопсуздуктун өнүгүү деңгээли боюнча Борбордук Азияда алдыңкы орунда турат.

Игорь Сенюшин, TSARKA илимий изилдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси:

- Бул смартфондун концепциясы кардарды өздөрүнөн да, жеткирүү чынжырынан, логистика чынжырынан да толугу менен коргоо үчүн иштелип чыккан. Телефондо колдонула турган шифрлөө түздөн-түз буйрутма берүүчү тарабынан корголот. Башкача айтканда, биздин ал жакка кирүүгө мүмкүнчүлүгүбүз жок. Азыр таңгактоо этабы аяктады. Эми биз өнөр жай үлгүсүн жасоого өтүп жатабыз. Кызыккан компаниялар бар, бизге кайрылып, сурап жатышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков