125 миң казакстандык колледжде окууга грант алды

125 миң казакстандык колледжде окууга грант алды

Быйыл колледжде окууну тандаган казакстандыктардын саны рекорддук көрсөткүчкө жетти. 125 миң жаштар техникалык жана профессионалдык билим алууну каалашкан. Бул былтыркыга салыштырмалуу 45 миңге көп - деп билдирет Окуу-агартуу министрлиги. Окуучулардын басымдуу бөлүгү инженердик, билим берүү, курулуш, туризм, мейманкана бизнеси кесиптерин тандашкан. Белгилей кетсек, быйыл акысыз окууну каалагандар үчүн квота кеңейтилген. Көп жана толук эмес үй-бүлөлөрдүн, өзгөчө билимге муктаж балдарды тарбиялап жаткан үй-бүлөлөрдүн уул-кыздары үчүн кошумча орундар бөлүндү.

Насымжан Оспанова, Казакстандын Окуу-агартуу министрлигинин техникалык жана кесиптик билим департаментинин мүдүрү

- Президенттин буйругунун негизинде 2025-жылга чейин мамлекеттик буйрутмалардын 70% техникалык адистиктерге берилет. Маселен, быйыл 52 миңден ашык студент инженердик, кайра иштетүүчү жана курулушчу кесиптерди тандап алышкан. Муну менен катар, быйыл биринчи жолу 8 миңге жакын студент окутуунун алкагында ишке орноштуруу грантына ээ болушкан. Максаттуу мамлекеттик буйрутма колледждерге эмгек рыногунун талабына ылайык кадрларды даярдоого мүмкүндүк берет. Башкача айтканда, балдар окуусун аяктагандан кийин дароо жумушка орношот.

Бул жылы абитуриенттер тапшыруу учурунда төрт адистикке жана төрт колледжге чейин тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков