Талибан Ооганстанды терроризмдин очогуна айлантпашы керек. Бул тууралуу НАТОнун Ооганстан боюнча кеңешинин башкы катчысы Брюсселде өткөн пландан тышкаркы жолугушуудан кийинки маалымат жыйынында билдирди. Йенс Столтенберг Ооганстандын улуттук армиясы тез эле жеңилишке учурайт деп күтпөгөнүн айтты.
Йенс Столтенберг, НАТО баш катчысы:
- Ооганстандын айрым куралдуу күчтөрү катуу кармашты, бирок өлкөнүн коопсуздугун камсыздай алган жок. Анткени Ооганстандын саясий жетекчилиги талибдерге каршы туруп, тынчтык сүйлөшүүлөрүнө жетише алган жок. Бул ийгиликсиздиктин аягы бүгүнкү трагедияга алып келди. Биз өзүбүздүн жана оогандык кесиптештерибизди эвакуацияладык. Талибан өлкөдөн чыгып кетүүнү каалагандардын баарына уруксат бериши керек. Аэропортту, жолдорду жана аны менен катар чек ара бекеттерин ачуу зарыл.
Буга катар, эски континент өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин чукул видеоконференциясы да болду. Натыйжада Европа Биримдиги Ооганстан элин колдоо үчүн талибдер менен сүйлөшүү жүргүзүүгө даяр. Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башчысы Жозеп Боррель: «Талибдер менен байланышта болуу - кырдаалды жөнгө салуунун бирден-бир жолу», - деп билдирди.
Жозеп Боррель, Европа Биримдиги дипломатиясынын башчысы:
- Талибдер согушта жеңишке жетишти. Ошондуктан биз алар менен сүйлөшүүгө туура келет. Гуманитардык апаат менен миграциялык каатчылыкты жеңүү үчүн биз тез арада талибдер менен сүйлөшүүлөрдү башташыбыз керек. Туруктуу колдоо көрсөтүшүбүз үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөбүз жана адам укуктарынын бузулбашы үчүн бардык механизмдерди колдонобуз. Биздин негизги максатыбыз – Ооганстандагы европалыктарды жана биз менен 20 жыл бою иштеген, өлкөдөн чыгып кетүүнү каалаган жергиликтүү тургундарды коопсуз түрдө эвакуациялоо болуп саналат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков