Израилден 124
казак мекенине кайтып келди. Репатриациялык учак түндө Алматы эл аралык
аэропортуна конду. Өлкө жарандарынан тышкары 42 чет элдик да эвакуацияланган.
Коопсуз жайга жеткирилгендердин арасында «Болашак» программасы менен такшалмада жүргөн 16 аспирант
жана эки ымыркай бар. Шаардын аэропортунан казакстандыктарды жакындары тосуп
алышты. Өлкөгө кайтып келген казакстандыктар уюштуруучуларга чын жүрөктөн
ыраазычылыктарын билдиришти.
Айсулу Тельгарина:
- Бош орундар бар-жогун
билүү үчүн элчиликке телефон чалдым. Эвакуация каттамдары бар экенин билип,
мени дароо тизмеге киргизишти. Уюштуруу иштери жогорку деңгээлде. Биз абдан
ыраазыбыз. Камкордук жасап, абалыбызды сурап жатты. Баары жакшы.
Артур
Ковалевский:
- Иш-чарадан кийин
дароо эле эртеси күнү топ уюштурулду. Мени жана менин байланыш номеримди кандай
табышканын билбейм. Жалпысынан алганда, бардыгы тез жана сапаттуу уюштурулду.
Эске сала
кетсек, Израилдеги казакстандыктар менен байланышты үзбөстөн тез арада чара
көрүү максатында Казакстандын Тышкы иштер министрлиги атайын мессенджерде чат
түзгөн. Тиешелүү мекеме тараткан маалыматка караганда, азыркы учурда Газа
тилкесинде өлкөнүн паспорттору менен 25 жаран бар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков