«Алтын так-2022» сыйлыгынын ээлери аныкталды. Салтанаттуу иш-чарада быйылкы жылы ар кандай спорттук мелдештерде ойногон командалар жана алардын машыктыруучулары өзгөчө сыйланды. Жылдын мыктылары көк бөрү, байге, ашык, жаа атуу, эр эңиш, тогуз коргоол, куш салуу, тыйын эңмей жана «Жылдын жаңырыгы» номинациялары боюнча сыйланышты. Иш-чаранын алкагында көчмөндөрдүн рухун ойготуу үчүн салттуу оюн-зоок аянтчалары түзүлүп, келгендер улуттук спорттун түрлөрү боюнча күч сынашып, шумкар же бүркүт менен сүрөткө түшүштү. Бул тарбиялык иштин максаты – казактын байыркы оюндарын жайылтуу, улуттук баалуулуктарды даңазалоо.
Есжан Курманбай, көк бөрү боюнча улуттук кураманын мүчөсү:
- Бүгүнкү күндө спорттун улуттук түрлөрүнө колдоо чоң. Бардык шарттар түзүлгөн. Ар кандай мелдештер уюштурулуп турат. Улуттук чемпионаты бар, Акбидай оюндары бар. Эл аралык деңгээлде таанылганы жакшы. Учурда жаштар арасында Азия чемпионаты, ага чейин ЭКСПОдо дүйнө чемпионаты өткөн. Мындан эки-үч ай мурун Түркия мамлекетинде көчмөндөр оюну болуп, улуттук спортубуз көкпарга катышып, биринчи орунду алганбыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков