Казакстандын геологиялык тармагын санариптештирүүгө 10 миллиарддан ашык теңге бөлүнөт. Тиешелүү меморандумга экология министрлиги жана өлкөнүн алдыңкы тоо-кен компаниялары кол коюшту. Бул салымдардын жыйынтыктары «Kaznedra» жер казынасын пайдалануунун бирдиктүү платформасында жеткиликтүү болот. Заманбап ГИС-технологияларды колдонуу менен Система пилоттук режимде иштеп жатат. Анын жардамы менен, геологиялык чалгындоо иштерин жана тоо-кен иштерин жүргүзүүгө уруксат алуу боюнча бизнес-жараяндары тездетилет. Натыйжада системадан керектүү маалыматтардын баарын көрүүгө болот.
Сериккали Брекешов, экология, геология жага жаратылыш ресурстары министри:
- Бүгүнкү күндө «Kaznedra» платформасы тесттик режимде иштеп жатат. Жылдын аягына чейин биз 30 миң геологиялык отчетту жарыялайбыз, алар ушул системада жеткиликтүү болот. Туруктуу негизде иштер улантылат. Инвесторлор бөлгөн акча геологиялык-физикалык маалыматты санариптештирүүгө да жумшалат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков