Казакстандыктарга ревакцинациядан өтүү сунушталып жатат

Казакстандыктарга ревакцинациядан өтүү сунушталып жатат

Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны кайрадан көбөйүүдө. Бир айдын ичинде вирусту жуктургандардын саны 5 эсеге өстү. Дарыгерлердин айтымында, өсүш Омикрондун жаңы штаммы Цербер инфекциясынын жайылышына байланыштуу.

Жанна Пиралиева, Шаардык санэпид көзөмөлдөө департаментинин башчысынын орун басары:

Цербер адамдарга тез жугушу менен айырмаланат. Симптомдор боюнча, ал башка бардык омикрондор менен бирдей. Кадимки сасык тумоого окшош. Дене табы көтөрүлүп, сөөктөр сыздап, алсыздык пайда болот. Деген менен чоң коркунуч жаратпайт.

Эпидемиологдордун айтымында, өлкөдө инфекциянын көбөйүшүнүн дагы бир себеби коронавируска каршы иммунитеттин төмөндөшү. Буга байланыштуу адистер кайра эмдөөдөн өтүүнү сунуштап жатышат. Белгилей кетсек, беш жарым миллиондон ашык казакстандыктар ревакцинациялоодон өтүшкөн. Бүгүнкү күндө өлкөдө 2000 эмдөө пункттары бар.

Майра Рыспаева, дарыгер:

Антителалар Т-лимфоциттерден, В-лимфоциттерден жана Т-клеткалардан турат. Алар, адатта, 6 айдан кийин басаңдашат, ошондуктан, күчөтүүчү доза керек. Эгерде сиз биринчи, экинчи жана үчүнчү эмдөөлөрдү алган болсоңуз, анда сиз ревакцинациялоодон өттүңүз деп эсептөөгө болот. Башкача айтканда, сизде жакшы иммунитет пайда болгон.

Нуршай Азимбаева, вакцина менен башкарылган инфекцияларды көзөмөлдөө башкармасынын башчысы:

Өлкөдө коронавирус инфекциясына каршы 670 миң дозадан ашык вакцина бар. Алардын ичинен Pfizer компаниясына тиешелүү «Камернати» вакцинасына суроо-талап жогору. Бизде бул вакцинанын 200 миңден ашык дозасы бар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков