Эл аралык комикс жана кино фестивалы 70 миңге жакын конокту кабыл алууну мерчемдеп жатат. Comic Con Astana иш-чарасынын уюштуруучуларынын айтымында, жүз элүү катышуучунун дээрлик жарымы чет мамлекеттердин өкүлдөрү. Айта кетсек, иш-чара жылдан жылга күч алып, ал тургай туризмдин өнүгүшүнө да таасирин тийгизүүдө. Ошентип, 2019-жылы Comic Con ар кайсы шаарлардан жана өлкөлөрдөн 50 миңден ашык маданият күйөрмандарын өзүнө тартууга жетишти. Ошол эле маалда көрүүчүлөр да өзгөрүүдө. Азыр фестивалга өспүрүмдөрдөн тышкары чоңдор да катышып жатат. Эске сала кетсек, Comic Con аяк оона айынын 15и 17си күндөрү борбор калаада өтөт. Иш-чараны Голливуд жылдыздары – «Галактиканын сакчылары» актёрлору Майкл Рукер жана Шон Ганн алып барышат.
Жамиля Хангельдина, Сomic Сon Astana PR-мүдүрү:
-Мындай масштабдагы иш-чаранын уюштурулушу Казакстандагы креативдүү индустриянын өнүгүшүнө таасирин тийгизерин, масштабдуу долбоорлорго катышуу менен жаштар шыктанып, өздөрүнүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн, таланттарын, долбоорлорун башка аянтчаларда көрсөтүүгө аракет жасаарын сыймыктануу менен билдиргим келет. Ошондуктан, биздин долбоор аяктагандан кийин көптөгөн казакстандык катышуучулар өз чыгармаларын, балким, эл аралык студияларда көрсөтө алышат жана казак авторлорубуздун премьераларына барат деп чындап үмүттөнөбүз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков