«Бет ачар» салты ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине кирди

«Бет ачар» салты ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине кирди

Казактардын «Бет ачар» салты расмий түрдө ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине кирди. Бет ачар-казактын келин алганда жасала турган салттарынын бири. Келинди күйөө баланын үй-бүлөсү менен тааныштыруу аземи. Буга чейин кыздын жүзү жакын кыздардан башка эч кимге көрсөтүлгөн эмес. Бет ачарда жаңы келин ата-энеси жана туугандары менен учурашат. Эскерте кетсек, биринчи жазгы кымызды жасоодо - кымызмурындык, казак боз үйүн жасоо чеберчилиги, чүкө атуу, тогуз коргоол оюну, ошондой эле домбра чертүү, Нооруз майрамы, казакча күрөшү, айтыш өнөрү жана башка казак салттары ЮНЕСКОнун бүткүл адамзаттын маданий байлыгы катары таанылган. Учурда уюм Мангыстау жер астындагы мечиттерин дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизүү маселесин карап жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков