Парижде маданияттарды жакындаштыруу эл аралык борбору тааныштырылды

Парижде маданияттарды жакындаштыруу эл аралык борбору тааныштырылды

Жыйындын катышуучулары борборду түзүү биздин өлкөнүн көп улуттуу жана көп конфессиялуу мамлекет катары тажрыйбасына негизделгенин белгилешти. Борбор маданияттардын жана цивилизациялардын келип чыгышынын жана алардын өз ара байланышынын илимий маселелери менен алектенет. ЮНЕСКОнун өкүлдөрү борбор, эл аралык коопсуздукту жана социалдык интеграцияны чыңдоонун жолдорун табууга жардам берет деп эсептешет. Парижде улуттар аралык ынтымактын уникалдуу казак тажрыйбасын изилдөө жана коомчулукка тартуулоонун натыйжалуулугу талкууланды.

Олжас Сулейменов, Эл аралык маданияттарды жакындаштыруу борборунун мүдүрү:

- Дүйнөдөгү согуштарга алып келген бардык чыр-чатактын себебин көп адамдар түшүнүшпөйт. Бул жагынан илим артта калып жатат. Айрыкча тарых илими. Маданияттар эмне үчүн бөлүнүп кеткенин жана качан болгонун билиши керек болчу.

Рашид Нугманов, Кинорежиссер:

- Бул маданий коддорду алмашуу менен, же мен аны маданий ДНК, руханий ДНК деп атагандай, биз ошол эле учурда оригиналдуулугубузду сактап калабыз. Биз аны жоготпойбуз, аны байытабыз. Бул абдан маанилүү. Менимче, Казакстан өзүнүн тарыхы боюнча, Казакстандагыдай эле, улуттар гана эмес, тилдер жана маданияттар да кайнаган ушундай алмашуунун, олуттуу мисалдарынын бири болуп саналат. Ал эми адамдык мамилелер абдан баалуу.

Которгон: Илгиз Жамалбеков