Француз инвестициясынын көлөмү 50 пайызга өстү

Француз инвестициясынын көлөмү 50 пайызга өстү

Касым-Жомарт Токаев менен Эмманюэль Макрон кечээ казак-француз бизнес форумуна катышты. Мамлекет башчысы биринчи жарым жылдыкта өлкөгө түз француз инвестициясынын көлөмү 50%га өскөнүн белгиледи. Бул республиканын ишенимин жана тартымдуулугун айгинелейт. Бирок алдыда кызматташуунун жаңы багыттары турат. Кызматташуунун келечектүү багыттары энергетика тармагы, уран экспортун көбөйтүү, маанилүү чийки затты казып алуу жана кайра иштетүү болушу мүмкүн.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
- Казакстанда жалпы наркы 46 триллион долларды түзгөн 5 миңге жакын изилденбеген кен жайы бар. Ошол эле учурда, биздин өлкө кенди биргелешип иштетүүдө ишенимдүү өнөктөш боло алат. Бүгүнкү күндө биз Европа Биримдигинин экономикасы үчүн зарыл болгон 30 сейрек металлдын 16сын өндүрүп, европалык рыноктун фосфорго болгон муктаждыгынын 70 пайызын камсыздап жатабыз. Республиканын аймагында кендердин 9 түрү бар. Эгер ылайыктуу инвестициялар табылса, аларды иштетүүгө болот. Буга байланыштуу биз француз компанияларын өз ара пайдалуу өнөктөштүк мамилелерди түзүүгө чакырабыз.

Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары - айыл чарба тармагы, Астана эл аралык каржы борборунун аянтчасы, транспорт жана логистика тармагы болушу мүмкүн. Президент Казакстан «Орто коридор» деп аталган Транскаспий эл аралык жолун өнүктүрүү үчүн кошумча күч-аракет жумшап жатканын белгиледи. Казакстан жана анын өнөктөштөрү азыр аны модернизациялоонун үстүндө иштеп жатышат, бул жылына жүк ташуунун көлөмүн 10 миллион тоннага жеткирүүгө мүмкүндүк берет. Эмманюэль Макрон белгилегендей, мындай багыттагы өнөктөштүк француз тарап үчүн да кызыктуу.

Эмманюэль Макрон, Франция президенти:
- Казакстан - Европа менен Азияны бириктирүүчү көпүрө. Өнөктөштүктү транспорттук жолдор, эң алды менен «Ортоңку коридор» аркылуу өнүктүрүү маанилүү. Франция бул транспорттук магистралды өнүктүрүүгө өз салымын кошууга даяр.

Форумдун алкагында Касым-Жомарт Токаев Франциянын бизнес түзүмдөрүнүн жетекчилери менен жолугушту. Lactalis Group компаниясынын башкы мүдүрү менен болгон баарлашууда Казакстандын президенти өлкө айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүүгө инвестиция тартууну кубаттай турганын белгиледи. Бул ишкана 20 жылдан бери ички рынокто иштеп, завод-фабрикаларды, сүт-товар фермаларын көбөйтүүнү көздөп жатат. Boehringer Ingelheim France компаниясынын президенти Кристиан Вайзен Касым-Жомарт Токаев менен жолугушууда QazBioPharm менен француз компаниясынын ортосунда Казакстанда шарп оорусуна каршы вакцина чыгарууга мүмкүндүк бере турган келишимдин маанилүүлүгүн белгиледи.  Ошондой эле, мамлекет башчысы Semmaris компаниясынын башкы мүдүрү Стефан Лаяни менен жолугушту. Ал Алматы облусунда 2025-жылы ачыла турган айыл чарба хабын түзүү боюнча биргелешкен долбоорду ишке ашыруу тууралуу айтып берди.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков