Казакстанда 2022-жылы жер казынасын пайдаланууга салынган инвестициялар

Казакстанда 2022-жылы жер казынасын пайдаланууга салынган инвестициялар

Анын ичинен улуттук валютада 3 триллионго жакыны кен иштетүүгө, 135 миллиондон ашыгы геологиялык чалгындоого бөлүнгөн. Бул тууралуу өлкөнүн Энергетика министрлиги билдирди. Ошондой эле, мекеме республиканын кендеринде текшерүүлөр жүрүп жатканын белгиледи.

Асхат Хасенов, энергетика вице-министри:

- Бүгүнкү күндө көмүр суутектер боюнча 276 келишим колдонулат, анын ичинен өнүмдү бөлүштүрүү тууралуу келишим – 9, геологиялык чалгындоо боюнча 137, өндүрүш боюнча 130. Ошондой эле мамлекет башчынын жер казынасы участкаларын текшерүү боюнча тапшырмасынын алкагында, узак убакыт бою келишим милдеттенмелерин аткарбай, системалуу түрдө бузуулар бар 27 макулдашуу боюнча иштер жүргүзүлдү. Жыйынтыгында 12 келишим бузулуп, 9 келишим боюнча 1,8 миллиард теңге өлчөмүндө айып пул төлөндү, 6 келишим боюнча иштер аткарылып, анын ичинде соттук териштирүүлөр жүрүп жатат. Мамлекетке кайтарылган жер казынасы участоктору инвестицияларды тартуу үчүн аукционго коюлат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков