Казакстандын борборунда бир эле учурда 30дан ашык балаты шамы жагылды. Майрамдык
иш-чаралар Астананын алты районунда өттү. Ага 15 миңден ашуун шаар тургундары
жана коноктору катышты. 25 метрлик чоң жаңы жылдык балаты «Казак эли» монументинин
аянтында, ошондой эле, «Астана Арена» стадионунун аймагына орнотулду. Бул жерде
жаңы жылдык балатынын шамын жагуу масштабдуу концерт жана жарманке мене
коштолду. Ал эми жаңы жыл майрамынын башкы символу 2500 түстүү оюнчуктар,
шамдар жана заманбап жарык элементтери менен кооздолду. Мындан тышкары, бардык
жерлерде көптөгөн кышкы оюн-зооктор уюштурулуп, муз аянтчасы менен жылгаяк
тээп, жомоктогудай айкелдерге сүрөткө түшүүгө болот. Астана акимчилигинин
маалымдашынча, борбор калаанын ар бир тургуну менен коноктору майрамдык
атмосфераны көрө алат.
- Маанай эң сонун! Балдар абдан шаңдуу. Баары кубанычта!
- Атмосфера абдан сонун жана кооз. Мында керемет. Баары сонун! Келе жаткан
Жаңы жылыңыздар менен!
- Жаңы жылдык балаты абдан кооз, мага абдан жакты! Баары ушунчалык жаркыраган кооз. Бул жерде жаңы жылдык жаркын маанай. Мен муну сезип жатам.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

