Казакстан көмүр суутектердин жаңы келечектүү кендерин өздөштүрүүнү көздөөдө. Иштеп чыгуу 2035-жылга чейинки тиешелүү пландын алкагында мерчемделип жатат. Ушул жылдын аягына чейин Кашаган кенинде кубаттуулугу 1 млрд куб метр болгон газды кайра иштетүүчү заводдун курулушу аяктайт. Ошондой эле газ тармагынын ресурс базасын чыңдоо үчүн Карачаганак кенинде чийки газды кайра куюп киргизүүчү алтынчы компрессор ишке киргизилет. Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча, бул мунай өндүрүүнү жылына 10-11 млн тонна деңгээлинде кармап турууга мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, мамлекет башчысынын тапшырмасына ылайык, кубаттуулугу 10 млн тонна болгон жаңы мунайды кайра иштетүүчү заводду куруу, ошондой эле Павлодар, Шымкент жана Атырау шаарларындагы мунайды кайра иштетүүчү заводдордун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү каралган. Жалпысынан 2026-жылы өлкөдө 15,5 млн тоннага жакын мунай өнүмдөрүн өндүрүү пландаштырылууда.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

