Казакстан Евразиянын транспорттук хабына айланууда. Бул тууралуу серепчилер билдиришти. Алардын айтымында, өлкөнүн бул жаатта чоң мүмкүнчүлүктөрү бар. Тактап айтканда, транспорттук жана логистикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө Кытай Эл Республикасы менен кызматташтык, анын ичинде "Бир жол, бир алкак" демилгеси менен биргелешүү алкагында мүмкүндүк берет. Аталган программа иштеп баштагандан кийин Кытай Евразия рыногуна, ал эми Казакстан деңизге чыгууга мүмкүнчүлүк алды. Транспорт секторунун өнүгүшү мультипликативдүү экономикалык эффект берет. Ошентип, жаңы биргелешкен ишканалардын саны өсүүдө. Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө өлкөлөр өнөр жай секторунда 56 долбоорду ишке ашырууда жана жаңы технологиялар менен жигердүү алмашууда.
Тимур Шаймергенов, РКнын Туңгуч Президенти – Эл Башы китепканасы мүдүрүнүн орун басары:
- Казакстан дагы бул жараянды түшүнүү, башкача айтканда, экономикалык өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү үчүн жаңы доор ачылганын түшүнүшү керек, бул бир аз убакытты талап кылат. Транспорт сектору ошондой эле өнөр жайдын өнүгүшүн бекемдейт, анткени өндүрүлгөн товарлардын рынокко чыгуусуна мүмкүнчүлүктөр пайда болот. Муну менен катар, айыл чарбасын жана ар кандай кызмат түрлөрүн өнүктүрөт. Башкача айтканда, Казакстан өзүнүн гео-экономикалык миссиясын Евразия хаб иретинде, түрдүү маданияттар, экономикалар ортосундагы кесилишти калыбына келтирет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков