Казакстанда дүйнөлүк фармацевтикалык ишканалар түзүлөт. Өкмөт бул тармактагы ири өнөр жай өкүлдөрү менен кызматташып жатат. Ага ылайык «Pfizer» компаниясы менен инвестициялык келишимге кол коюлушу күтүлүүдө. Компания өзүнүн дары-дармектеринин өндүрүшүн Казакстанда ачууну пландаштырууда. Мындан тышкары, республикада инвестиция көлөмү 32 миллион доллар болгон дагы бир «AstraZeneca» дары ишканасын түзүү көздөлүүдө. Ошондой эле, АКШнын ири медициналык техника өндүрүүчүсү менен 60 миллион долларлык келишимге кол коюлду. Буга катар эле «Roсhe» компаниясы менен бир катар долбоорлор иштелип жатат. Анын суммасы 2,5 миллион долларды түзөт. Түштүк Кореянын, Түркиянын, Египеттин жана Израилдин инвесторлору менен келишимдик өндүрүш долбоорлору ишке ашыруунун ар кандай баскычтарында турат. Бул тууралуу өкмөттө инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча кеңештин жыйынында белгилүү болду. Жыйындын катышуучулары, атап айтканда, заманбап медициналык технологияларды киргизүү, саламаттык сактоонун инфраструктурасын жаңылоо, кадрларды даярдоо, фармацевтика тармагын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Премьер-министр инвесторлордун тармакка кызыгуусу өсүп жатканын белгиледи. Ал жерде өткөн жылдын аягында негизги капиталга салынган инвестиция дээрлик 30%га өсүү менен 540 миллион долларга жакынды түзгөн. Анын үстүнө акыркы 7 жылда фармацевтикалык рыноктун көлөмү дээрлик 3 эсеге көбөйгөн. Алихан Смаиловдун айтымында, жеке инвестицияларды тартуу менен өлкөдө 20 заманбап көп тармактуу ооруканаларды куруу көздөлүп жатат. Буга кошумча, 655 баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү объектилерин ишке киргизүү жана 32 көп тармактуу райондук поликлиниканы жаңыртуу күтүлүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков