2022-жылы 22 миңден ашык адам Казакстан жарандыгын алды

2022-жылы 22 миңден ашык адам Казакстан жарандыгын алды

Көпчүлүгү жөнөкөйлөштүрүлгөн ыкма менен алууга жетишти. Алардын ичинен 17 жарым миңден ашууну кандаштар. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин апталык брифингинде айтылды. Жалпысынан өлкөдө жыл сайын 20 миңге жакын адам туруктуу жашоо үчүн тиешелүү органга кайрылат. Эгемендүүлүк алгандан бери бир миллиондон ашык чет өлкөлүк жарандар өлкөнүн паспортторуна ээ болушту. Белгилей кетсек, Казакстан кош жарандуулукту тааныбайт. Аны жашырганы үчүн 200 айлык эсептик көрсөткүчкө чейин айып пул салынат же өлкөдөн чыгаруу каралган. Бул өлкөнүн аймагынан биротоло көчүп келген мекендештерге да түздөн-түз байланыштуу.

Шугыла Турлыбек, ички иштер министрлигинин өкүлү:

- Үстүбүздөгү жылы кош жарандуулук фактыларын алдын алуу максатында башка өлкөнүн жарандыгын атайылап жашыруу үчүн жоопкерчиликти күчөтүүгө байланыштуу мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү пландалууда. Башка өлкөнүн жарандыгын кабыл алып, чет өлкөгө чыгып кеткен Казакстандын мурдагы жарандары 30 күндүн ичинде жарандыгын жоготкондугун каттоо үчүн Казакстандын консулдук мекемесине кайрылышы керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков