Казакстанда дарыгерлер жана бейтаптар үчүн платформа ишке киргизилди

Казакстанда дарыгерлер жана бейтаптар үчүн платформа ишке киргизилди

Ата мекендик медицинада жасалма интеллект. Казакстанда өнөкөт жана жугуштуу эмес ооруларды башкаруу платформасы ишке киргизилди. Бул заманбап система дарыгерлер менен бейтаптардын өз ара аракеттенүүсүн оптималдаштырууга багытталган. qMed тиркемеси толугу менен автоматташтырылган. Ал кагаз иштерин азайтып, ката кетирүү коркунучун азайтат. Эң негизгиси, убакытты үнөмдөйт. Ага ылайык, бейтаптар ден соолугун дайыма көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берген ыңгайлуу тиркемени колдонушат. Өткөн жылы бул системанын жардамы менен борбор калаада тез жардам чакырууларынын жалпы саны 60%га, ал эми үйдөгү дарыгерлердин чакырууларынын саны 64%га азайган. Инновациялык ата мекендик долбоорду эми Жамбыл, Кызылордо, Жетису облустарында жана Шымкент шаарында ишке ашыруу пландаштырылууда.

Нурлан Бийимбет, qMED компаниясынын негиздөөчүсү:

- Биз иштеп чыккан платформа бейтаптарды «жашыл», «сары» жана «кызыл» зоналарга бөлөт. Эгерде бейтап «сары зонага» түшүп калса, ал автоматтык түрдө Сиз сары зонага түшүп калдыңыз. «Сизге төмөнкү симптомдор диагнозу коюлган, тезинен дарыгериңизге кайрылыңыз» деген билдирүү алат. Ошол эле учурда платформа медициналык уюмдагы дарыгерге жана медайымга эскертүү жөнөтөт. Башкача айтканда, алар «сары зонадагы» бейтаптарды көрүп, шашылыш чараларды көрө алышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков