ДССУ Казакстандын саламаттык сактоо системасын жогору баалады

ДССУ Казакстандын саламаттык сактоо системасын жогору баалады

Казакстанда саламаттыкты сактоо тармагындагы жетишкендиктерди жана реформаларды ДССУ жогору баалады. Уюмдун башкы мүдүрү Тедрос Адханом Гебрейесус негизги багыттар катары айыл жерлеринде алгачкы медициналык жардамды жана инфраструктураны өнүктүрүүнү, медициналык камсыздандырууну кеңейтүүнү, кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууну, ошондой эле системаны санариптештирүүнү белгиледи. Ал өлкөдө дары-дармек өндүрүшүнүн өсүшү жөнүндө сөз кылып, ата мекендик фармацевтика тармагынын өнүгүшүн өзгөчө белгиледи. Бул жарандардын маанилүү дары-дармектерге туруктуу жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн өтө маанилүү. Мындан тышкары, өлкө Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун максаттуу көрсөткүчүнө жетип, жугуштуу эмес оорулардан каза болгондордун санын азайтуу боюнча Казакстан алдыңкы 10 өлкөнүн катарына кирди.


Тедрос Адханом Гебрейесус, ДССунун башкы мүдүрү:


– Өлкөңүздүн өнүгүп жатканын көрүп кубанам. ДССУ Казакстанга дары-дармектердин жүгүртүлүшүн жөнгө салуу жаатында 3-деңгээлдеги жетилгендик сертификатын тапшырды. Бул системаны эл аралык стандарттарга жеткирүү боюнча көп жылдык иштердин натыйжасында ишке ашкан. Айта кетсек, бул Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасындагы биринчи жана дүйнөдөгү бир нече учурдун бири. Таануу жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүүгө жана Казакстандагы дары-дармектердин сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков