Казакстандык окумуштуулар жүрөк-кан тамыр ооруларын эрте аныктай турган платформа иштеп чыгышты

Казакстандык окумуштуулар жүрөк-кан тамыр ооруларын эрте аныктай турган платформа иштеп чыгышты

Казакстанда жүрөк-кан тамыр ооруларын эрте аныктоо мүмкүнчүлүгү пайда болду. Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин окумуштуулары буга мүмкүндүк берген жаңы платформа жасашты. Бул ойлоп табуу жасалма интеллект менен интеграцияланган. «Zhurek AI» деп аталган программа организмдеги эң кичинекей четтөөлөрдү да так көрсөтөт. Адам өмүрүнө канчалык коркунучтуу экенин эсептейт. Баарынан мурда, бул ата мекендик иштеп чыгуу өлкөнүн алыскы райондорунун тургундары үчүн ыңгайлуу болмокчу. Анын пайдасын көрүү үчүн аларга болгону кан анализинин жыйынтыктарын системага жүктөп, атайын даярдалган анкетаны толтуруу керек.


Асия Балтабаева, КУУнун базасындагы жасалма интелелект лабораториясынын илимий кызматкери:

- Демек, бул жерде биздин аппарат аркылуу жана бир нече суроолорго жооп берүү менен өзүңүздүн тобокелдигиңизди аныктай аласыз. Бул жерде биздин аппарат бир нече медициналык параметрлерди алат. Бул дегендик – жүрөктүн вариабелдүүлүгү жана жүрөк кагышы, кычкылтек, андан тышкары дагы бир нече медициналык параметрлер бар. Ошолор аркылуу бизде жүрөк кан-тамыр ооруларынын тобокелдигин аныктай алабыз.

Система бардык алынган маалыматты иштеп чыгып, божомол берет. Эгерде организмде өмүргө коркунуч туудурган четтөөлөр табылса, бейтапка дароо адиске кайрылууну сунуштайт. Окумуштуулардын айтымында, анын башкы артыкчылыгы – ылдамдыгы жана тактыгында. Платформанын иши татаал алгоритмден турат. Ал терең нейрондук тармактар жана чоң тирек векторлор ыкмасына негизделген. Жергиликтүү окумуштуулар системаны коммерциялаштырууну пландаштырууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков