Казакстанда акыркы суткада 800дөн ашык адам коронавирус жуктуруп алды

Казакстанда акыркы суткада 800дөн ашык адам коронавирус жуктуруп алды

Өткөн суткада Казакстанда коронавирус жуктурган 820 жаңы учур аныкталды. Ооругандардын көбү –Алматыда 280 адам, 180и борбордо жана 87си Шымкентте катталган. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери өлкөдө бул илдет менен ооругандардын саны 1 миллион 311 миңден ашты. Учурда 3700 адам  дарыланууда, анын ичинен 433 бейтап ооруканада. Ошондой эле Казакстанда коронавируска каршы эмдөө өнөктүгү уланып жатат. Акыркы маалыматтар боюнча, 9 миллион 316 миңден ашык жаран вакцина алды. 4 миллион 875 миңдей тургун ревакциналанды.