Коронавирустун «дельта» түрү менен балдар 5 эсеге көп ооруйт

Коронавирустун «дельта» түрү менен балдар 5 эсеге көп ооруйт

Дүйнө коронавирус эпидемиясынын жайылуусунун дагы бир маанилүү этабын башынан өткөрүп жатат. Кооптуу илдет азыркыдай вакцинациялоо мезгилинде биротоло жоголуп кетпөө үчүн жигердүү түрдө өзгөрүүгө учурап жатат. Азыркы учурда коронавирустун «дельта» штаммы британдык түрү менен салыштырганда 60 пайызга жугуштуу. Бул илдеттин буга чейинки түрлөрүнө караганда абдан кооптуу. Бул тууралуу бүгүн Борбордук коммуникациялар кызматында өткөн брифингде Профилактикалык медицина академиясынын президенти Алмаз Шарман билдирди. Анын айтымында, эпидемиянын «дельта» версиясы эмдөөдөн өткөндөр менен эмделбегендердин ортосундагы ажырымды дагы көбөйтүп жиберди.

Алмаз Шарман, Профилактикалык медицина академиясынын президенти, профессор, иммунолог:

- Балдар коронавирустун дельта түрү менен 5 эсе көп ооруй турган болду. Башкача айтканда, COVID-19 жашарып кеткен. Бирок, инфекциянын баланын организминде канчалык агрессивдүү өнүгүп кетери азырынча белгисиз. Чоңдорго келсек, вакцина албагандардын жуктуруу көрсөткүчтөрү жогору болуп жатат. Ошондуктан, вакцина коронавирус инфекциясынын «дельта» жана башка да штаммдарына каршы колдонулган жалгыз курал экендигин дагы бир жолу ырастайм. Бирок, биринчи компонент дельта түрүнөн 17 пайызга начар коргойт. Экинчи компонентти алгандан кийин иммундук система кадимки калыбына келет.

Муну менен катар, иммунолог Казакстандагы эпидемиологиялык кырдаалды айсбергге каршы сүзгөн кемеге салыштырат.

Алмаз Шарман, Профилактикалык медицина академиясынын президенти, профессор, иммунолог:

- Азыр дүйнөдө 3 миллиарддан ашуун адам, башкача айтканда, ар бир 100 кишинин 39у вакцина алган. Бирок Америка Кошмо Штаттарында, Израилде жана Европа мамлекеттеринде эмдөө көрсөткүчтөрү жакшы болгону менен дүйнөнүн башка бөлүктөрүнө караганда төмөн. Казакстанда калктын 17 пайызы гана вакцинанын биринчи дозасын алса, ал эми 10 пайызы бир эле учурда эки дозаны тең алышкан. Мен өлкөнүн 80 пайыздан ашыгы вакцина албаган Казакстандын абалын айсбергге каршы сүзүп бараткан кемеге салыштырам.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө эмдөө паспортторун мамлекеттер ортосунда таануу жана колдонуу боюнча иштер натыйжалуу жүргүзүлүп жатат. Азыркы учурда Венгриянын, Таиланддын жана Монголия мамлекеттери жарандарынын паспорттору препаратты кабыл алуу сертификаттарына ылайык эки өлкө ортосунда таанылды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков