Казакстандагы эпидемиологиялык абал оор бойдон калууда. Коронавирус өрчүп турат. Аймактардын көбү кызыл зонадан чыга элек. Акыркы эки жуманын ичинде эле илдет 2,4 эсеге өстү. Кооптуу илдетке чалдыгып, төшөктө жаткандардын саны эки эсеге көп болууда. Бүгүнкү күндө инфекциялык орундар 38%, жандандыруу бөлүмдөрү 23% толду. Акыркы 7 күндүн ичинде балдар арасында илдетке чалдыгуу да күч алды. Окуучулардын арасында ал 1,3 эсеге өскөн. Бул «Омикрон» штаммынын ылдам жайылышы менен байланыштуу экени өкмөттүн кезектеги жыйынында айтылды.
Алихан Смаилов, Казакстандын Премьер-Министри:
- Мектеп окуучуларынын арасында коронавирустук инфекциянын көбөйүшүн эске алып, акимдерге бардык билим берүү мекемелеринде санитардык-эпидемиологиялык режимдин так сакталышын камсыздоону тапшырам. Ошондой эле, калкты эмдөө жана ревакцинациялоо боюнча иштерди активдештирүү зарыл.
Которгон: Илгиз Жамалбеков