Казакстан блокчейн технологиясына
негизделген санариптик кыймылсыз мүлк рыногун ишке киргизди. Пилоттук долбоорду
өлкөнүн Улуттук банкы киргизүүдө. Apartchain платформасында кыймылсыз мүлк
блокчейн аркылуу сатыла баштады. Бир токен – бир чарчы метрге барабар. Санариптик
аянтча Улуттук банктын атайын жөнгө
салуучу режиминин алкагында иштейт. Адистердин айтымында, коммерциялык
кыймылсыз мүлктү токенизациялоону ишке киргизүү инвестиция тартуу жана каржы
салуу куралдарын кеңейтүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Ошондой эле
кыймылсыз мүлк рыногунун ачыктыгы камсыздалат.
Ерлан Уали, Apartchain Dmcc
өкүлдүгүнүн башкы мүдүрү:
– Биздин платформа блокчейнге
негизделген. Демек, бардык маалымат базасы, бардык аракеттердин тизмеги ушул
тармактын ичинде көзөмөлдөнөт. Ага ылайык, платформада өтүп жаткан бардык
процесстер смарт-келишимдердин эсебинен жүргүзүлөт. Биз тынымсыз тест жүргүзүп,
системанын коопсуздугун текшеребиз. Платформанын өзүн, ал кошулган эл аралык
«Solana» тармагын да текшерип турабыз. Ал - эл аралык блокчейн коомчулугунун
абройлуу катышуучуларынын бири.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

