Аталган каражаттар ар кыл багыттагы 300дөн ашык долбоорлорду ишке ашырууга жумшалды. Бул тууралуу ЕРӨБнын өлкөдөгү башчысы Хусейн Озхан билдирди. Каржы институту Орто коридорду өнүктүрүүгө, кичи жана орто бизнеске, ошондой эле Казакстандын башка инфраструктуралык долбоорлоруна инвестициялоону улантуу ниетинде.
Хусейн Озхан, ЕРӨБнын Казакстандагы башчысы:
- Орто коридор же Транскаспий багыты өзгөчө азыркы геосаясий жана географиялык кырдаалда чоң мааниге ээ болду. Бул долбоор узак убакыт бою аталган аймактагы өнүгүүнүн негизги артыкчылыктарынын бири болуп саналат. Биз Орто коридорду Чыгыш менен Батыштын ортосундагы туруктуу глобалдык транспорттук каттамдын бир бөлүгү деп эсептедик жана долбоорго ар бир катышуучу өлкөнүн көз карашы менен мамиле жасоого аракет кылдык. Натыйжада, Кытай-Казакстан-Азербайжан-Грузия жана Түркия багыты бардык Борбор Азия өлкөлөрү үчүн эң пайдалуу болду. Ошону менен бирге Ортоңку коридорду өнүктүрүү үчүн 32 артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлор пландаштырылууда. Бул инвестицияларды талап кылган катуу чаралар экенин түшүнүү керек. 2040-жылга карата кубаттуулукту 7 эсеге жогорулатуу үчүн Казакстанга 18 миллиард долларга жакын инвестиция керек.
Белгилей кетсек, Казакстанда “жашыл” энергетикага өтүү жүрүп жатат жана бул тармакка инвестициянын дээрлик 40%ы ЕРӨБнан келген. Ошентип, банк аталган маселеде өлкөгө колдоо көрсөтүп, мамлекеттин климаттык өзгөрүштөргө туруктуулугун күчөтүүнү көздөп жатат.
Хусейн Озхан, ЕРӨБнын Казакстандагы башчысы:
- Кыла турган иштер көп. Кайра жанма энергия булактары экономиканы туруктуу өнүктүрүүдө көмүртектин нейтралитет саясатынын негизги бөлүгү болуп саналат. 2009-жылдан бери Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы энергиянын кайра жанма энергия булактарын инвестициялоодо абдан активдүү. Биз Казакстандын Энергетика министрлиги менен биргеликте кайра жанма энергия булактары боюнча долбоорлордо жеке жана чет элдик инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча иштештик. Бүгүнкү күндө биз 700 мегаватт өндүрөбүз, бул альтернативдүү энергия булактарынын көлөмүнүн 40 пайызына барабар. Бул ишти уланткыбыз келет жана дагы көптөгөн долбоорлор бар экенин билебиз. Бул маанилүү. Казакстан жашыл экономикага карай туура кадамдарды жасап жатат. Өз кезегинде Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы мындай демилгелерди ар дайым колдоп келет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков