ОПЕК+ мамлекеттери мунай өндүрүшүн дагы да кыскартууну мерчемдеп жатат

ОПЕК+ мамлекеттери мунай өндүрүшүн дагы да кыскартууну мерчемдеп жатат

Өндүрүштүн жалпы көлөмү суткасына 40 миллион баррелден бир аз көбүрөөк. Бул учурдагы пландан 1,4 миллион баррелге аз жана дүйнөлүк суроо-талаптын 4,5 пайызын түзөт. Кезектеги жыйын ушул жылдын жетинин айынын 26да Венада өтөт. Мунай өндүрүшүн көзөмөлдөө боюнча комитеттин жыйыны эки айда бир өткөрүлөт. Белгилей кетсек, өз кезегинде Казакстан да мунай өндүрүүнүн көлөмүн азайтат. Жылдын аягына чейин кара алтынды өндүрүү темпи суткасына болжол менен 78 миң баррелге чейин төмөндөйт, деп билдирди өлкөнүн Энергетика министрлиги.

Которгон: Илгиз Жамалбеков