Казакстандыктардын дээрлик 80% Казакстандын Президентинин Кызылорда шаарындагы Улуттук Курултайда демилгелеген конституциялык реформаны колдойт. Бул маалыматтарды «Коомдук пикир» изилдөө институту жарыялады. Сурамжылоо көрсөткөндөй, казакстандыктар коомдук-саясий күн тартибин активдүү көзөмөлдөп турат. Респонденттер үчтүн айынын эң көрүнүктүү окуясы катары Улуттук Курултайды аташты. Ал эми эң маанилүү өзгөрүүлөрдүн арасында казакстандыктар көбүнчө бир палаталуу Парламентке өтүүнү, вице-президент кызматын жана Элдик кеңеш түзүүнү белгилешти. Ошол эле учурда респонденттердин 65% конституциялык реформа алардын жашоосуна жана бакубаттуулук деңгээлине оң таасирин тийгизет деп ишенет. Жаңы Парламенттен жарандар натыйжалуу ишти жана коом менен активдүү диалогду күтөт. Жалпысынан алганда, изилдөө казакстандыктар реформаларга кызыкдар экенин жана алардын жашоо сапатын жакшырта турган өзгөрүүлөрдү күтүп жатканын көрсөтөт.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

