Өлкөнүн беш шаары саякатчылардын арасында эң белгилүү экендигин Маданият жана спорт министрлиги билдирди. Айта кетсек, Актау бешинчи орунда турат. Каспий деңизинин берметине 4 айда 220 миңден ашуун турист келген. Мындан тышкары жайкы сезонго карата Маңгыстау облусунун борборуна келген коноктордун кызыгуусу дагы 20%га өстү, деп белгилейт мекемеден. Төртүнчү орунда Атырау болду. Үчтүн айынан чын куран айына чейин шаарга 305 миңдей адам келген. Бул жерде, Сарайшык туристтик борборунда саякатчылар Казак хандыгы жана Алтын Ордонун тарыхы менен тааныша алышат. Туристтик рейтингде үчүнчү орунду Шымкент шаары ээледи. Бул мегаполисте эс алуучулар адатта ыйык жерлерге барышат же санаторийде ден соолукту чыңдоо турларын тандашат. Тизменин экинчи сабын Казакстандын борбору Астана ээледи. Жыл башынан бери бул жерге дээрлик бир миллион турист келди. Ал эми 200 миң адамга көбүрөөк келген Алматы биринчи орунга чыкты. Аталган шаар туристтер үчүн эң жагымдуу шаарлардын тизмесинде лидер аталды. Бул жер конокторду жаратылышы жана климаты менен өзүнө тартып турат. Лыжа базалары да туризмдин өнүгүшүнө өз салымын кошуп келүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков