Тажикстан ЖККУдан жардам сурады

Тажикстан ЖККУдан жардам сурады

Расмий Дүйшөмбү түштүк чек араларды коргоого жардам берүү өтүнүчү менен Казакстан мүчө болгон Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна кайрылды. ЖККУнун алдындагы Тажикстандын туруктуу өкүлү Хасан Султонов «Ооганстан менен чек аранын айрым участоктору алыскы тоолуу аймактарда жайгашкандыктан, бул милдетти жалгыз көтөрүү кыйын», - деп баса белгиледи. Анын айтымында, бийлик чек араны бекемдөө үчүн резервдеги 20 аскер кызматкерлерин мобилизациялады. Өз кезегинде Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва аймактагы коопсуздукту камсыз кылуу үчүн союздаштарын коргоого даяр экендигин билдирди.

Сергей Лавров, Орусиянын тышкы иштер министри:

- Биз Ооганстандагы кырдаалды тыкыр көзөмөлдөп жатабыз. Өлкөдө кырдаал кескин начарлап кетүү коркунучу бар. Бул АКШнын жана НАТОнун аскерлеринин Ооганстандан чыгып кетишине байланыштуу. Ондогон жылдар бою күрөшүп келген чет элдик аскерлер Ооганстанды турукташтырууда олуттуу натыйжаларга жетише алышкан жок.

Ошол эле учурда казак саясат таануучусу Султан Акимбеков ЖККУ ар кандай мүмкүн болгон коркунучка, анын ичинде качкындардын пайда болушуна же башка аскердик аракеттерге жооп кайтаруу пландарын иштеп чыккандыгын белгиледи.

Султан Акимбеков, саясат тануучу:

- Биздин багытта чакан топтор гана аракет кылышы мүмкүн. Бирок алардын бардыгына Тажикстан, Өзбекстан жана учурда тажик жеринде жайгашкан Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун күчтөрү туруштук бере алышат. Ошондуктан, Казакстандын Тажикстанга аскер жиберишинин кажети жок.

Которгон: Илгиз Жамалбеков