Казакстан 5 жыл катары менен уран өндүрүү боюнча биринчи орунда

Казакстан 5 жыл катары менен уран өндүрүү боюнча биринчи орунда

Казакстан дүйнөдөгү эң ири уран өндүрүүчү. Быйылкы жылы өлкөдө 16 миң тоннага жакын уран өндүрүлүп, анын 14 миңи экспортко чыгарылган. Металл АКШ, Канада, Орусия, Кытай жана Европа Биримдиги сыяктуу чоң өлкөлөргө сатылат.

Казакстанда уран өндүрүү ыкмасы башкача. Тактап айтканда, чийки затты жер астынан казбастан, алгач атайын түтүктөр аркылуу уранды жибитип, андан кийин суюк абалда чыгарат. Суюк абалда жер бетине чыккан уран түтүк аркылуу заводго ташылат. Ошол эле учурда фабрикада өнүмдү порошокко айландыруу процесси жүрөт.

Ардак Оспанов, геотехнологиялык участоктун башчысы:

Биздин ыкма – бул жер астындагы-скважина болуп саналат. Ал карьердик же шахталык ыкмалардан жаратылышка терс таасирин тийгизбегендиги менен айырмаланат. Анткени биз кенди жер үстүнө көтөрбөйбүз. Биз аны жер астында иштетип, анын курамындагы уранды гана алып чыгабыз.

Адистердин айтымында, уран жерден чыккандан кийин анын ордун башка суюктук менен толтуруунун кереги жок. Ошондой эле, анын жер бетиндеги жашоого эч кандай зыян келтирбейт.

Галым Нуралиев, өндүрүштүк ишкананын мүдүрүнүн орун басары:

Уран өндүрүшү бүткөндөн кийин бул жердеги кендин орду, коммуникация дейбиз, түтүктөр алынгандан 3-5 жылдан кийин бул жерге өсүмдүктөр, жаныбарлар кайтып келет. Ал кайра иретке келтирилет.

Бүгүнкү күндө республикада 26 кен иштеп жатат. Белгилей кетсек, өлкөдө колдонулган ыкма менен иштетүүгө боло турган дүйнөлүк уран корунун 65%дан ашыгы Казакстандын аймагында жайгашкан.

Которгон: Илгиз Жамалбеков