Быйыл Казакстанда жүргүнчүлөрдү ташуучу аба транспорту кызматы дээрлик 9 пайызга арзандады. Ошол эле учурда, быйыл «коронавирус» жылында авиакомпаниялар 2019-жылга караганда 40% аз жүргүнчү ташыган. Адистердин айтымында, жарандык авиацияда мындай кырдаал дүйнө жүзү боюнча байкалууда. Аны менен катар, Эл аралык аба транспорту ассоциациясынын эсептөөлөрү боюнча, трафиктин көлөмүн 2019-жылдын деңгээлине жеткирүү 2023-жылга чейин созулат.
ПИТЕР ГРИФФИТС, КАЗАКСТАНДЫН АВИАЦИЯЛЫК АДМИНИСТРАЦИЯСЫНЫН БАШКЫ МҮДҮРҮ:
- Пандемия өлкөдөгү бардык авиакомпанияларга чоң таасирин тийгизди. Арасында Казакстан да бар. Башында пандемия күчөп турган мезгилде бардык аба каттамдары токтотулганы белгилүү. Казакстанда биздин жарандардын мекенине кайтуусу үчүн, ошондой эле, айрым мунай жана газ операцияларын жүргүзүү үчүн маанилүү болгон бир нече гана рейстер кармалды. Бүгүнкү күндө ички авиакаттамдар калыбына келтирилгенин жана жакшы деңгээлде иштеп жаткандыгын көрүп жатабыз. Айта кетсек, ондон ашык эл аралык каттам калыбына келтирилди.
Казакстандын авиация администрациясынын башчысынын айтымында, келерки жылы Казакстандын ички жана башка өлкөлөргө туруктуу авиакаттамдары калыбына келтирилет деп күтүлүүдө.