Казакстанда чакан жана орто бизнести колдоо чаралары күчөтүлүүдө

Казакстанда чакан жана орто бизнести колдоо чаралары күчөтүлүүдө

Казакстанда чакан жана орто бизнести колдоо чаралары күчөтүлүүдө. Өлкөнүн өкмөтү буга багытталган комплекстүү программаны кабыл алды. Анын алкагында натыйжалуу долбоорлорду колдоо пландаштырылууда. Эми жаңы долбоорлорду субсидиялоого бөлүнгөн бюджеттин жарымына чейин кайра иштетүү өнөр жай ишканаларынын ортосунда жүргүзүлөт. Мындан тышкары, мамлекеттик колдоонун альтернативдүү куралы катары бир нече банктар аркылуу насыяга кепилдик берүү жана синдикатталган насыялоо караштырылган. Жакынкы мезгилде өндүрүштү колдоонун башка дифференцияланган механизмдерин киргизүү пландаштырылууда. Мында жогорку технологиялуу даяр өнүмдү чыгарган ишкерлер үчүн колдоо чаралары узак мөөнөттүү жеңилдетилген насыялоону камтыйт. Жалпысынан үстүбүздөгү жылдын 6 айында жаңыланган программанын алкагында 14 миң бизнес-долбоор жалпы суммасы 700 миллиард теңгеден ашкан субсидия жана кепилдик түрүндөгү колдоо чаралары менен камтылган.

Кототргон: Илгиз Жамалбеков