Казакстан менен Кытайдын ортосундагы товар жүгүртүү жыл башынан бери 12% өсүп, 36,5 млрд долларга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Премьер-министри менен КЭРдин Казакстандагы элчисинин жолугушуусунда айтылды. Тараптар эки тараптуу соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну өнүктүрүү боюнча биргелешкен иштин жыйынтыктарын талкуулашты. Олжас Бектенов алаканы жаңы деңгээлге чыгаруу өз ара пайданы жогорулатууга, экспортту кеңейтүүгө жана инвестицияларды тартууга өбөлгө болорун белгиледи. Анын айтымында, Транскаспий мультимодалдык коридору боюнча жүк агымын көбөйтүү өнөктөштүк дараметти ачуунун келечектүү инструменти болуп калат. Өз кезегинде Чжан Сяо Казакстан рыногуна Кытай Эл Республикасынын ири инвесторлордун кызыгуусу өсүп жатканын айтты. Анын ою боюнча, бул жагымдуу бизнес климатын көрсөтүп турат.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

