Казакстанда быйыл 556 медициналык обьект салынат

Казакстанда быйыл 556 медициналык обьект салынат

Быйыл Казакстанда «Айылда саламаттыкты сактоону жаңыртуу» улуттук долбоору аяктайт.  Ири долбоордун алкагында калктуу конуштарда 655 медициналык-фельдшердик пункттар жана амбулаториялар курулат. Өткөн жылы 100гө жакын алгачкы медициналык жардам көрсөтүү формасы тапшырылды. Калгандарын жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда. Мындан тышкары 32 борбордук райондук ооруканаларды жаңыртуу көздөлүүдө. Бүгүнкү күндө бардык курулуш объектилеринин долбоордук-сметалык документтерине мамлекеттик талдоо жүргүзүлдү. Алардын подрядчиктери аныкталып, азыр курулуш иштери кызуу жүрүп жатат дейт тармактык министрлик. Долбоор ошондой эле адистердин жетишсиздигин чечүүгө жардам берет. Кадрга болгон муктаждык былтыр жарым-жартылай жабылса, калган орундар быйыл толукталат. Жалпысынан улуттук долбоорду ишке ашырууга 60 миллиард теңгеден ашык каражат бөлүндү. 

Акмарал Алназарова, саламаттыкты сактоо министри:

– Быйылкы жылы бүтүргөн адистердин арасынан айыл жергесине жайгаштырыла турган адистердин тизмесин аныктадык. Ушуга байланыштуу аймактардан жаш адистердин келишин көзөмөлдөп, макулдашып, айылдагы кадрларды кармап калуу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен социалдык колдоо чараларын күчөтүүнү суранабыз. Улуттук долбоорду ишке ашыруу боюнча иштер улантылып, министрликтин өзгөчө көзөмөлүндө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков