Казакстанда быйыл 27,1 млн тонна дан эгини жыйналды

Казакстанда быйыл 27,1 млн тонна дан эгини жыйналды

Казакстанда дан жыйноо өнөктүгү аяктады. Айыл чарба министри өкмөттүн жыйынында быйылкы оруп-жыюунун жыйынтыгын билдирди. Айдарбек Сапаровдун маалыматы боюнча, өлкө боюнча 27 миллион тоннадан ашык дан кампага коюлду. 20 миллион тоннадан ашык буудай бастырылды. Бул былтыркыдан жарым миллион тоннага көп. Казакстан жаңы оруп-жыюлган дандын 2 миллион тоннадан ашыгын экспорттоого жетишти. Бул өткөн жылдан 21% көп. Атамекендик дан быйыл Европа, Борбордук жана Түштүк-Чыгыш Азия, Араб жарым аралы жана Түндүк Африка өлкөлөрүнө жеткирилди. Министрдин айтымында, ошондой эле дыйкандар 4 миллион тоннага жакын арпа жыйнашкан. Ал эми буурчак өсүмдүктөрүнүн түшүмү биринчи жолу 1 миллион тоннага жетти. Майлуу өсүмдүктөр боюнча бүгүнкү күндүн өзүндө рекорддук түшүм алынды.

Айдарбек Сапаров, айыл чарба министри:

- Ошондой эле 2,9 миллион тонна картошка, 3,8 миллион тонна жашылча, 2,6 миллион тонна бакча өсүмдүктөрү жыйналды. Пахта жыйноо иштери аяктады. Тамчылатып сугарууну колдонуунун аркасында айрым чарбалар гектарынан 50 центнерге чейин түшүм алды. Жалпысынан алганда, орточо түшүмдүүлүк 30 ц/га деңгээлинде калыптанып, 428 миң тонна чийки пахта жыйналды – бул өткөн жылга салыштырмалуу 42% көп.

Которгон: Илгиз Жамалбеков