Казакстанда быйыл 1,3 трлн теңгеге 180 өндүрүш долбоору ишке кирет

Казакстанда атамекендик өндүрүүчүлөрдүн бирдиктүү реестри чогулууда. Ал ушул жылдын аягына чейин иштелип чыгат. Анда жергиликтүү өндүрүүчүлөр, өндүрүлгөн өнүмдөр, кызматтардын түрлөрү жана кызматкерлердин саны жөнүндө толук маалымат берилет. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында тармактын министри билдирди. Анын айтымында, бул реестрге кирген ишканаларга локализацияны көбөйтүү үчүн шарттар коюлат. Мында реестрге кирген өндүрүүчүлөр компанияларды мамлекеттик колдоо чараларына, мамлекеттик, квазимамлекеттик жана жер казынасын пайдалануучуларды сатып алууга катыша алышат. Мындан тышкары, ата мекендик ишканаларды колдоо үчүн бир катар мыйзамдык өзгөртүүлөр иштелип чыгууда.

Канат Шарлапаев, Казакстандын Өнөр жай жана курулуш министри: 

– Ири буйрутма берүүчүлөр тарабынан ата мекендик товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу программаларын бекитүү, узак мөөнөттүү келишимдерди жана офтейк-контракттарды түзүү боюнча милдеттенмелерди белгилөө. Экинчиси- мамлекеттик бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүчү курулуш иштеринде ата мекендик курулуш материалдарын жана жабдууларын колдонууну көзөмөлдөө боюнча комиссия түзүү. Үчүнчү- жаңы өндүрүштүк объекттерди курууда ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдөн материалдарды жана жабдууларды сатып алуу боюнча милдеттенмелерди белгилөө.

Өлкөдө дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды сатып алууда ата мекендик өндүрүүчүлөргө да артыкчылык берилет. Бүгүнкү күндө 35 ата мекендик өндүрүүчүлөр менен 94 миңге жакын фармацевтикалык продукцияны жеткирүү боюнча 4 миң узак мөөнөттүү келишим түзүлгөн. Ушул сыяктуу келишимдер жыл аягына чейин 24 жергиликтүү компания менен жасалат. Натыйжада, тармактын өндүрүшү жылдын биринчи жарымында 14 жарым пайызга өскөн. Ошондой эле Казакстан жакынкы арада дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун тизмесиндеги базалык препараттардын 62%ын өндүрөт.

Акмарал Альназарова, Казакстандын Cаламаттык сактоо министри:

– Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан берилген жалпы оорулардын тизмесинин негизинде министрлик тарабынан артыкчылыктуу базалык дары-дармек каражаттарынын тизмеси түзүлүп, 283 дары-дармек каражаты тандалып алынды.  Бүгүнкү күндө бул тизмедеги 107 дары-дармек каражаты, башкача айтканда, 37,5%ы Казакстандын аймагында өндүрүлөт. Мындан ары калган 178 дары-дармек каражаттарын өндүрүү артыкчылыктуу болот.

Казакстан импортко көз карандылыктан арылуу үчүн 9 чет элдик компанияны 2027-жылга чейин локалдаштырууну көздөп жатат. Натыйжада өлкө 20 миллион доллардан ашык инвестиция тартууга мүмкүнчүлүк алат. Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылы ата мекендик продукцияны өндүрүүнү көбөйтүү үчүн жалпы суммасы 1,3 трлн тенге болгон 180 инвестициялык долбоорду ишке киргизүү пландаштырылууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков