Үстүбүздөгү жылдын үчтүн айы-бугу айларында Казакстан 877 миллион долларга 3 миллион тоннадан ашык буудай жана меслин экспорттоду. Ошентип, өсүш 17%ды түздү. Бул тууралуу Energyprom.kz порталы маалымдады. Негизинен ата мекендик өнүм КМШ өлкөлөрүнө, анын ичинде Борбордук Азия мамлекеттерине: Өзбекстанга, Тажикстанга жана Түркмөнстанга сатылган. Казакстандын дан эгиндери Ооганстанга да экспорттолду. Бул өлкө ата мекендик буудайды сатып алуу боюнча алдыңкы орунда турат. ТОП-3 тизмеде Италия жана Кытай да бар. Белгилей кетсек, быйылкы жылы республикада айдоо аянты 14 миллион гектарга жакын болгон. Алардын басымдуу бөлүгү Акмола, Костанай жана Түндүк Казакстан облустарында эгилген. Казакстанда жылына орто эсеп менен 13,5 миллион тонна буудай өндүрүлөт. Өз кезегинде бул өздүк керектөөгө жана экспорт үчүн да жеткиликтүү. Бирок күтүүсүз жагдайлар жаралса, өкмөт ички рыноктун керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн 1 миллион тонна резервди чыгарат.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков