Казакстан ЭКУ өлкөлөрүнө 100дөй товар түрүн экспорттоого даяр

Казакстан ЭКУ өлкөлөрүнө 100дөй товар түрүн экспорттоого даяр

Казакстандын Өкмөт башчысы Ташкентте өткөн Экономикалык кызматташтык уюмунун 16-саммитинде бизнес өнөктөштөрдү жаңы жогорку технологиялык долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга чакырды. Алихан Смаиловдун айтымында, учурда уюмга кирген өлкөлөр менен унаа жасоо, металлургия, жеңил жана химия өнөр жайы, курулуш индустриясы, жер казынасын пайдалануу сыяктуу тармактарда биргелешкен 26 долбоор жүзөгө ашырылып жатат. Долбоордун жалпы наркы болжол менен 3 миллиард долларды түзөт. Мындан тышкары, казак өкмөт башчысы Казакстан-Түркмөнстан-Иран темир жолу Борбордук Азияда менен Жакынкы Чыгыштагы ЭКУ мамлекеттеринин ортосундагы эң кыска жол катары өзгөчө мааниге ээ деп белгиледи. 9 айдын ичинде бул каттам боюнча Иран багытында жүк агымы бир жарым миллион тоннадан ашты. Премьер-министрдин айтымында, Транскаспий багыты өткөрүү мүмкүнчүлүгүн бир топ жогорулатат.

Алихан Смаилов, Казакстандын Премьер-министри:
- Казакстан инфраструктуралык жана логистикалык долбоорлорго жигердүү катышып, Транскаспий эл аралык транспорттук каттамын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууда. Анын  дараметин жогорулатуу максатында Казакстан, Азербайжан, Грузия жана Түркия бир эле убакта 2027-жылга чейин «Орто» коридорду өнүктүрүү жана тоскоолдуктарды жоюу боюнча жол карталарын ишке ашырууда. Өзбекстандан Казакстандын батыш аймактарына түз байланыш орнотуу үчүн Бейнеу-Шалкар автожолу курулат, ал 8-ТРАСЕКА жол коридорун куруу жумуштарын аяктоого мүмкүндүк берет.

Өнөктөштүктү чыңдоонун артыкчылыктуу багыттарынын бири - аймактар ​​аралык сооданы шыктандыруу. Өткөн жылы эле Казакстандын Экономикалык кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөр менен соода жүгүртүүсү 40%га өсүп, 16,5 миллиард долларга жеткен. Бул көрсөткүчтөрдү жогорулатуу үчүн Алихан Смаилов республика Уюмдун ар бир өлкөсүнө товардын 100гө жакын түрүн экспорттоого даяр экенин айтты. Буга жетишүү үчүн өлкөдө чек ара хабдарын куруу боюнча ири долбоорлор жүзөгө ашырылып жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков