Казакстан менен Беларустун ортосундагы товар жүгүртүүнүн деңгээли быйыл бир миллиард АКШ долларынан ашып, рекорддук чекке жетиши мүмкүн. Бул тууралуу Беларустун элчиси Павел Утюпин эки өлкөнүн өнөктөштүгүнүн 30 жылдыгына арналган брифингде билдирди. Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 9 айында гана өз ара сооданын көлөмү үчтөн бирге өскөн. Мындай натыйжага жетүүдө унаа жасоо, тамак-аш жана айыл чарбасы тармактарындагы сооданын көбөйүшүнүн салымы чоң. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Беларусь жана КМШ мамлекеттеринин соода өнөктөштөрү ортосунда экспорт көлөмү боюнча Казакстан үчүнчү орунда турат. Бул өлкөнүн ишкерлери ички рынокко товардын 650 түрүн жеткиришет. Келечектеги пландары менен бөлүшкөн элчи эки тарап биргелешкен жаңы өнөр жай долбоорлорун ишке ашырууга, технологиялык кызматташтыкты чыңдоого артыкчылык берерин билдирди.
Павел Утюпин, Беларустун Казакстандагы элчиси:
- Бул туруктуу жүгүртүүнү камсыз кылуунун мүмкүнчүлүгү. Тескерисинче бизнес коомчулугу өкүлдөрүнүн санын көбөйтүүгө жардам берет. Экономика эле эмес, билим менен илимдин үлүшү көбөйөт. Маселен, биз унаа жасоо боюнча жөнөкөй монтаждан баштаганбыз, бүгүнкү күндө ал ишибиз толук кандуу өндүрүшкө айланды. Учурда бул жерде карапа тактайчаларды чыгаруучу завод куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул үчүн Казакстанда чийки зат кору изилденип жатат. Алардын баары Беларуста сыноодон өткөрүлүүдө. Анын негизинде бизнес-план түзүлөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков