Тогуздун айынын 6да Казакстанда атомдук электр станциясын куруу боюнча жалпы элдик референдум өтөт. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев парламенттин кош палатасынын биргелешкен жыйынында жарыялаган кайрылуусунда билдирди. Мамлекет башчысы өлкөдө атомдук энергетиканын өнүгүшүнө дүйнөлүк энергетикалык таңсыктыктын өсүшү менен ишенимдүү жана экологиялык жактан таза энергия булактарынын чукул муктаждыгы себеп болуп жатканын айтты.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Биздин экономика барган сайын энергияны көбүрөөк керектөөдө. Мындай суроо-талапты атомдук энергия менен камсыз кылууга болот. Учурда өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан 30 өлкөдө 200гө жакын атомдук электр станциялары иштеп жатат. Биз мамлекеттин өзгөчөлүктөрүн жана узак мөөнөттүү улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен алдыга жылуубуз керек. Бир сөз менен айтканда келечекти ойлошубуз зарыл. Ошондуктан мен атомдук электр станциясын куруу боюнча эң олуттуу чечимди кабыл алуу керектигин дайыма айтып келем. Стратегиялык пландар коомдо кеңири талкууланышы зарыл деп эсептейм.
Депутаттардын айтымында, АЭСтин курулушуна байланыштуу маселе коомчулукта кызуу талкууланууда. Серепчилер менен тармак өкүлдөрү жыл бою бардык аймактарда коомчулукка түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Жолугушуулар эң ачык форматта, башкача айтканда, коомдук угуу түрүндө өттү. Муну менен ар ким эркин талкууга катышып, өз оюн билдире алды.
Сергей Пономарев, Парламент мажилисинин депутаты:
– Алматынын чок ортосунда 60 жылдан бери ядролук ректор үзгүлтүксүз иштеп келгенин баары эле биле бербейт. Анын кызматы абдан ийгиликтүү жана коопсуз. Бизде тажрыйбалуу ядролук адистер бар. Өнөр жайга керектүү күйүүчү май Улби заводунда чыгарылат. Ал эми Улуттук ядролук борбор Курчатов шаарында ийгиликтүү иштеп жатат. Биз урандын кору боюнча лидербиз. Азыр кубаттуулугу жогору болгон терең кайра иштетүүчү заводдор керек. Мунун баарын атомдук электр станциясын куруу менен чечсе болот.
Парламентарийлердин президенттин кайрылуусуна пикири
Жалпысынан эл өкүлдөрүнүн айтымында, Кайрылууда өлкөнүн алдыдагы мезгилге саясий жана социалдык-экономикалык өнүгүү дарамети ачык көрсөтүлүп, Парламент менен Өкмөттүн жана акимчиликтердин ишинин жаңы багыты аныкталып, багыттары белгиленди.
Марат Башимов, Парламент мажилисинин депутаты:
– Азыр адамдар үчүн коопсуз шарттарды түзүү абдан маанилүү. Президент активдерди кайтарууга басым жасалаарын баса белгиледи. Керектөөчүлөрдүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого да көңүл бурулат. Бюджет жана банк мекемелеринин жоопкерчилиги жогорулайт. Учурда көмүскө экономикага каршы күрөш күч алууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков