Р. Скляр: алгач кырдаалга жана өрттүн көлөмүнө туура баа берилген эмес

Р. Скляр: алгач кырдаалга жана өрттүн көлөмүнө туура баа берилген эмес

Ал дагы жакында толугу менен өчүрүлөт. Бул тууралуу Абай районундагы «Семей токою» коругунда болгон өрт боюнча өкмөттүк жыйындан кийин Роман Скляр журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Министрлер кабинетинин жетекчисинин биринчи орун басарынын айтымында, кырсык толугу менен чектөөгө алынгандан кийин бардык күйгөн бак-дарактар ​​кыйылып, жаңы көчөттөр отургузулат. Кошумчалай кетсек, Роман Склярдын айтымында, аба ырайынын жогорулашы өрткө таасирин тийгизип, ал +38 градуска чейин көтөрүлгөн, ошондой эле катуу шамалдын ылдамдыгы 25 метрге жеткен. Бирок мунун баары өкмөттү жана жооптуу адамдарды жоопкерчиликтен бошотпойт, деп кошумчалады Скляр. Алгач кырдаалга жана өрттүн көлөмүнө туура баа берилген эмес.

Роман Скляр, Премьер-министрдин биринчи орун басары:

- Мындай кырдаалда тез аракет кылышыбыз керек, кырдаал көрсөткөндөй, өрттү өчүрүү үчүн алгачкы мүмкүнчүлүктү колдон чыгардык. Эсиңиздерде болсо, бугу айынын 22де аталган токой чарбасында өрт чыккан. Анда 5 миң гектар токой күйүп кеткен. Өрт тез арада өчүрүлгөндүктөн, кырсык болгон жердеги абалга жетиштүү баа берилбей калганы анык. Учурда бул ишти прокуратура иликтеп жатат, толук жооп кийинчерээк берилет.

Табигый өрткө каршы аракеттенүү алгоритмин кайра карап чыгуу. Мындай тапшырманы Өзгөчө кырдаалдар министрлигине өкмөттүн жыйынында министрлер кабинетинин башчысы Алихан Смаилов тапшырды. Окуя болгон жерге алгачкы сааттарда жетиштүү техниканы жана адистерди жөнөтүү керек. Ошондой эле, Алихан Смаилов мекемеге Экология министрлиги менен биргеликте өлкөнүн улуттук парктарын жана токой чарбаларын өрттү эрте аныктоо жана көзөмөлдөө системалары менен жабдуу боюнча чараларды көрүүнү тапшырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков