Казакстанда QURBAN2022.KZ сайты иштей баштады

Казакстанда QURBAN2022.KZ сайты иштей баштады

Казакстанда курмандык чалууну аралыктан да өткөрүүгө болот. Республикалык мусулмандар дин башкармалыгы ыйык майрамдын алдында ага уруксат бере турган атайын сайт ачты. Азирети муфтий коомчулукту «Курбан-2022» кайрымдуулук акциясына салым кошууга чакырып, элге ыңгайлуу болуу максатында быйыл курмандык чалуу офлайн жана онлайн режиминде өтөөрүн билдирди. Башкача айтканда, бул жолу да аралыктан курмандык чалам дегендер сайт аркылуу малды тандап, керектүү каражаттарды көрсөтүлгөн реквизиттерге которо алышат. Кой-эчкини бир киши, бодо малды, төөлөрдү бир же жети киши биригип курмандыкка чалса болот. Эске сала кетсек, быйылкы Курман айт майрамынын биринчи күнү теке айынын 9на туура келет.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков