Өкмөттө Жамбыл облусундагы инфраструктуралык жана социалдык долбоорлор талкууланды

Өкмөттө Жамбыл облусундагы инфраструктуралык жана социалдык долбоорлор талкууланды

Кыргыз тарап менен биргеликте 2024-жылдын вегетация мезгилинин алгоритмин иштеп чыгуу. Мындай милдетти Премьер-министр мамлекет башчысынын тапшырмаларын ишке ашыруу боюнча жыйында койду. Эске сала кетсек, президент аталган тапшырмаларды аткарууну Жамбыл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында берген. Өкмөт башчы облустагы бир катар инфраструктуралык жана социалдык долбоорлордун аткарылышы менен таанышты. Ага суу чарба, ирригациялык жана дренаждык системаларды оңдоо боюнча аткарылып жаткан комплекстүү иштер боюнча доклад берилди. Жыйында Тараз шаарында жаңы мектептерди, көп тармактуу оорукананы жана перинаталдык борборду куруу, борбордук ооруканаларды модернизациялоо жана бир катар медициналык мекемелерди ачуу боюнча чаралар талкууланды. Министрлер кабинетинин башчысы жергиликтүү бийлик органдарына бардык артыкчылыктуу долбоорлор боюнча тиешелүү документтерди жана бюджеттик суроо-талаптарды иштеп чыгууну тездетүүнү тапшырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков