Пенсия аннуитети коомдогу өзөктүү тема

Пенсия аннуитети коомдогу өзөктүү тема

Пенсиялык аннуитет келишимдери боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүүсү рекорддук деңгээлге жетти. Тагыраак айтканда, былтыр 82 пайызга өсүп, 130 миллиард теңгени түзгөн. Серепчилер бул каржы механизминин популярдуулугун бир нече факторлор менен байланыштырышат. Алардын бири - келишимдин баасын төмөндөтүү.

Асыл Торгаев, Мамлекеттик Аннуитеттик компания өкүлү:

- Биринчиден, пенсиялык аннуитеттердин баасы өткөн жылдарга салыштырмалуу төмөндөдү. 2021-жылы пенсиялык аннуитет 2020, 2019 жана 2018-жылдарга караганда арзан болот. Ошого жараша баалар түшкөндө укпагандар угуп, аудитория кыйла кеңейди. Адамдар инфляциядан коркушат, аманаттарына тез жеткиси келет. Ошондуктан алар үчүн бул өнүм, аннуитет эмнеликтен мынчалык тартымдуу экендиги жарандарга түшүнүктүү.

Аннуитет бир топ арзандаганы менен серепчилер өлкөдө анын соодасы артаарына ишене беришпейт.

Асыл Торгаев, Мамлекеттик Аннуитеттик компания өкүлү:

- Албетте, соода болоору сөсүз. Бирок быйыл өткөн жылдардагыдай чоң сатым болоору күмөн. Анткен менен өсүү боюнча туруктуу динамика сакталат, программанын өзү суроо-талапка ээ, популярдуу жана пайдалуу. Артыкчылыктары көп. Өнүм тандоо, жасоого мүмкүндүк берет, анын ичинде эмгекке жарамдуу курактагы адамдардын өзүн туруктуу киреше менен камсыз кылуу жана пенсиялык топтоолорго эрте жетүү мүмкүнчүлүгү тузүлөт.

Казакстанда бүгүн эркектер 63 жашта пенсияга чыгышат. Аялдардын пенсия курагы дагы 60 жаш. Бирок бара-бара 63 жашка чейин көбөйөт. Ал эми камсыздандыруу компаниялары менен пенсиялык аннуитетти түзүү пенсияга эрте чыгууга мүмкүндүк берет. Ошол эле учурда казакстандыктар мыйзамда белгиленген жаш куракка жеткенден кийин мамлекеттик бюджеттин эсебинен пенсиясын эч кандай тоскоолдуксуз ала алышат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков